Депутат өкмөткө Жип унааларын сатып, үнөмдүү транспортторго өтүүнү сунуштады
Депутат Эмил Токтошев өкмөт кризиске каршы планын өздөрүнүн чыгашаларын кыскартуу менен башташ керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал өкмөткө кымбат баалуу Жип унааларын сатып, үнөмдүү транспорттордун түрлөрүнө өтүүнү сунуштады. "Мамлекеттик органдын кызматкерлеринин бардыгы кымбат баалуу Жиптер менен жүрөт. Эгерде 60-70 миң доллар турган 100 унааны сатсаңар, бюджетке бир топ каражат түшөт. Бул акчага 25 бала бакча курууга болот. Баары бир бул унаалар менен Ысык-Көлгө чейин эле барасыңар. Ошко учак менен учасыңар", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Партиялык башкарууну жок го чыгарып,1 мандаттуу шайлоого барышыбыз керек.Ошондо депутаттар менен элдин ортосунда байланыш болот.120 депутаттын санын 25-40ке тушуруш керек.
Азыркы 120 депутаттын саны эле болбосо баары эл учун иштеген жок.Балык оозду депутаттар бар.Ошон учун 120 депутаттын кереги жок.Шайлоочуларына убада берип аткарбаган депутаттардын мулкун шайлоочуларына автоматтык турдо откоруу керек сот кызматкерлери!
Экономиканы тушунбогон жетекчилер казынаны боксортуп,карыз кылат,кетишет.Ай сайын план коет президент деген баардык министрлерге.Эгерде элин ойлогон болсо.
Ошол акчаны чакан ондуруштук ишканаларды курсак жакшы го.Карыз алып сапатсыз жол,мектептер салынды.Карызга алынган акчаны биринчи ондурушко жумшоо керекпи дейм.Казынаны коруп билип турат абалын.
Президент бугунку кундо баардык тармактарда коррупция бар экенин билет.2 жыл,5 айда коррупция боюнча бир нерсени козгодубу,албетте жок.