super.kg logo

Бажы кызматы: "Бул жылы бажы төлөмдөрү 14 миллиард сомго кыскарышы мүмкүн"

 

Бүгүн Жогорку Кеңештеги жыйында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев пандемиянын кесепетин белгиледи. Ага ылайык, ушул жылы бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат 14 миллиард сомго аз болушу мүмкүн.

"2020-жылга 19 пайыздык өсүү темпи менен бажы төлөмдөрүн чогултабыз деп пландаганбыз. Ошого карата иш-чаралар түзүлгөн болчу. Азыркы абалга байланыштуу бажы төлөмдөрү, тилекке каршы, 14 миллиард сомго аз болот деп болжолдонуп жатат.

Ага карабастан бажы тармагын автоматташтыруу маселелери өз учурунда жүрүп жатат. Март айынан баштап импорттун келиши кескин түрдө кыскарып кетти", - деди Торутаев.

Ошондой эле ал апрель айында импорт 74 пайызга кыскарганын кошумчалады.

“Бул жылы Бажы кызматын толук санариптештирүүнү аяктоону пландап жатабыз” деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
21.05.2020. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сол чөнтөктүкү 14млрд. сомго кыскарса кана.
22.05.2020. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баажы деген сөздү Раим деп өзгөртпөйлүбү? Баажы десе эле Раимди эстей калат турган болуп калыпмында .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: