super.kg logo

Апта ичинде санитардык талаптарды аткарбаган 53 жайга айып салынды. Арасында тыюу салынганына карабай иштеп жаткан кафелер бар

 

Бишкек шаардык мэриясы бир апта аралыгында 53 ишканага санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлгөнүн маалымдады. Анда айтылгандай, жалпысынан аларга 209 миң сомдук айып салынган.

Мэриянын алдындагы санитардык-экологиялык инспекция шаардагы мындай жайларга карантин учурунда рейд жүргүзгөн. Анын алкагында санитардык патруль Pierre Coffee жана Istanbul кафелеринин толук кандуу иштеп жатканына күбө болгон.

"Istanbul кафесиндегилер санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрүн киргизүүгө каршылык да кылышкан. Эки кафеде тең санитардык нормалар сакталган эмес, орундуктарда кардарлар отурушкан, аларды тейлеген кызматкерлер кадимкидей иштеп жүрүшкөн. Азырынча кафе, ресторан, тез татым жайлары тамак-ашты жеткирип берүү жолу менен гана иштегенге уруксат. Кафелердин кожоюндарына карата протокол түзүлдү. Ага ылайык, юридикалык жактарга 13 миң сомго чейин, жеке жактарга 3 миң сомго чейин айып салынат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Учурда аталган инспекция тарабынан шаар ичинде рейд жүргүзүү улантылууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коомдук тамактануучу жайлар 25-майдан тартып иштей баштай турганын маалымдаган.

"25-майдан баштап 50дөн ашпаган адамга ылайыкталган коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторандар, жайкы кафелер иштесе болот. Бул жерде талап - ар бир столдун аралыгы 1,5-2 метрди сакташы керек. Чакан тамактануучу жайлар - фуд-корддордун иштөөсүнө тыюу салынат", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.05.2020. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силердин өлүп калган тормоз законунарды эч ким уруп дагы ойнобойт, канчасы иштеп атышат го ачык эле. Козелдорунар көрсө дагы көрмөксөн болуп жүрүшөт. Бул законунар только слабыйларга күчү жетпесе, крутойлорго бир дагы тыйынча действовать этпейт это факт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: