super.kg logo

Кыргыз жарандары Орусияда мөөнөтү узартылган паспорт менен иштей алышат

 

Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү убактылуу узартылат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары паспортунун мөөнөтүн Москвада жайгашкан элчиликтен узарта алышат.

- 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде мөөнөтү аяктаса;

- эгерде жалпы жарандык паспорт болсо (загранпаспорт) мөөр басылат;

- эгерде ички паспорт болсо (элде айдикарта) маалымкат жазылып берилет;

- мөөнөтү узартылган паспорт менен Орусия аймагында турууга, иштөөгө жана чек арадан чыгып жатканда Кыргыз өлкөсүнө кирүүгө болот.

Эскертүү! Паспорттун мөөнөтүн узартуу элчиликте же дипломатиялык мекемелерде гана ишке ашат.

Паспорттун мөөнөтүн узартуу тууралуу жасалма сунуштардан качыңыз!

Паспорттордун мөөнөтүн узартуу акысыз негизде жүргүзүлөрүн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы төмөндөгү мекемелеринде гана жасаларын эскертип кетебиз:

1. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги, Москва шаары;
2. Екатеринбург шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугу;
3. Новосибирск шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугу;
4. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсеси;
5. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси;
6. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси.

Кыргыз өлкөсүнүн ички паспорттору бар жарандарына дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн паспорттордун мөөнөтүнүн узартылгандыгын тастыктаган атайын коргоочу белгилери менен маалымкат берилет.

Паспорттордун мөөнөтүн узартуу 2020-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинде башталат.

"Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына паспорттордун мөөнөтүн жасалма узартууларды, узартуу тууралуу жасалма маалымкаттарды сиздерге сунуштоодо өзгөчө эскертебиз. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жасалма документтер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(2)
22.05.2020. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Каякта бекер биз Красноярск шаарынан алдык паспорт 4 000 руб төлөдүк го еще Кыргызстандан рск банктан 560 сом төлөдүк. А бул жерде бекер деп атышат кимисине ишеништи билбейсиң го
22.05.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Krai,паспорт алсаң толойсун да, мөөнөтүн узартсан бекер экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: