ЭЛДИК ВИДЕО: Карантинде "Чагылган" ырын созгон популярдуу апа
Интернет желесинде сөзү акын Какен Алмазбековго, обону Аксуубай Атабаевге таандык сүйүшкөн жандардын гимнине айланган "Чагылган" ырын аткарган апа тууралуу жылуу пикирлер айтылып жатат.
Видеону Уля Нурматова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн баракчасына жүктөгөн. Ал "эл ичи өнөр кенчи, классташым Гүлнараны өзүнөн сурабай эле чыгарып койдум. Карантин башталгандагы ыр кеседен үзүндү", - деп жазып, алдына аталган видеону тиркеген.
Анда аткаруучуга пикир калтыргандардын дээрлик баары анын жакшы ырдай турганын, таланттуу экенин жазышкан. Арасында аткаруучуну Кыргыз Эл артисти Зейнеп Шакеевадан кем калышпай турганын билдирген колдонуучулар да бар.
"Чагылган" ыры элдик таланттын аткаруусунда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
5

Комментарийлер(5)
Krai

22.05.2020. 10:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындап эле укмуш ырдаптыр Зейнеп Шакеевадан өтүп кетиптир. Азыркы ырчыларды уят кылыптыр.
katerina.li

22.05.2020. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл ичи онор кенчи. Илгери ырчылар кыймылдабай туруп ырдаса да ырларын Эл бир кылым угушкан,азыр оздору тайраландап ырдашат,артындагы бийчилери андан ашып тайраландашат жин кирип кеткенсип. Анан ырдап буткондо ырын кайра эстей албай каласын. Ооййоо ,йееуу ,уууу дегенден башка эч нерсесин эстебей каласын
Kuban-1207

22.05.2020. 12:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы ырчыларды ырчы деп эсептебейм кыйшандаган котурлар
Sa89ai

22.05.2020. 13:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун ырдаптыр,рекламанар тойгозду супер не мынча коп чыгарасынар ар бир теманы ачканда реклама
aydinnur

22.05.2020. 20:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында уну тунук экен эженин!Азаматсыз!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.