super.kg logo

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сауд арабиялык журналисттин балдары кылмышкерди кечиргени айтылды

 

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сауд арабиялык журналист Жамала Хашоггинин уулдары кылмышкерди кечиришти. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар Хашоггинин уулдарынын бири Салах Хашкужи социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты деп кабарлашууда.

"Биз Жамал Хашоггинин уулдары, атабызды өлтүргөн жаранды кечирдик" деп жазылган анын билдирүүсүндө. Айтымында, мындай чечимди алар Рамазан айынын ыйык түндөрүнүн биринде жарыялашмакчы.

2018-жылы 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.

Сауд Арабиясы Жамала Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталганын билдирди. Ага ылайык, 5 айыпталуучу өлүм жазасына тартылып, дагы 3 айыпталуучуну 24 жыл бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.

Жамала Хашогги акыркы жылдары АКШлык "The Washington Post" басылмасында эмгектенген. Ал Сауд Арабиясынын бийлигин сындап, араб монархиясындагы саясий жана социалдык абалды өзгөртүү керек экендигин айтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.05.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх,бул саясий оюн,буткул дуйнону оз кучагына алган. Кайда караба,саясий оюндун курмандыктары. Журналистин балдарын да кысмакка алышкан да. Болбосо,кайсы бала,атасын олтургондорду кечирсин. Мин жолу кечирсе да,журогундо так калат
22.05.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба кийинки жашоолорун ойлоп "кечирдим" деп коюшат да. Атандай болуп кетпе деп коркутуп коюшу мумкун
22.05.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде болгондо убийцаларды дагы деле Таба алышмак эмес!
22.05.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kona8631, таппагыдай ээн талаада жалгыз жүргөндө өлтүрүп кетишкен жокта, аялы экөө барышкан посольствого, көчөдө аялы калып өзү жалгыз кирген ал жака, өлтүргөн адамдар билген эмес өзү жалгыз деп ойлошкон, аялы тирүү доказательство, киргени бар камерада чыкканы жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: