super.kg logo

Исландия туристтерди кабыл ала баштады

 

Коронавирус инфекциясына карабай Исландия өлкөсү туристтер үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Кяртан Хрейн Нялссон билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз өлкөгө келген туристтер аркылуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алабыз деп ойлобойбуз. Анткени, жергиликтүү тургундар алар менен жолугушпайт", - деген министрдин кеңешчиси.

Анын билдиришинче, Кытайда, Испанияда жана Италияда кырдаал курч болуп турганда дагы өлкө жабылган эмес. Азырынча бул өлкөгө Гренландиядан жана Фарер аралдарынан келген туристтер гана кире алышат. Бирок Исландия 15-июндан тарта Скандинавия жарым аралынын өлкөлөрүнүн жарандары үчүн бардык чек арасын ачат.

Эскерте кетсек, 7-майда бул өлкө коронавирус инфекциясын жеңгенин жар салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: