"Аргасыз аралык" деген аталыштагы сүрөттөрдүн топтому
Массачусетс штатындагы ооруканалардын биринде иштеген Алисон аттуу айым уулуна китеп окуп берип жатат.


Массачусетс штатындагы ооруканалардын биринде иштеген Алисон аттуу айым уулуна китеп окуп берип жатат.

Кытайлык медайым бир жаштагы баласын айнек аркылуу өөп жатат.

Чжоукоу шаарынын ооруканасында иштеген медайым кызы менен аралыктан сүйлөшүүгө мажбур.


Обсервацияда жаткандарды карап иштеген медайым кыз жигити менен жолугушууда.

Дарыгер апасын аралыктан колдогон кытай кыз.

Сюйчжоу шаары. Полиция кызматкери дарыгер болуп иштеген жубайы менен сүйлөшүүдө.

Лори Спенсер аттуу айым изоляцияда жаткан апасы менен жолугушууда.

Техас. Жубайлар карылар үйүнүн терезеси аркылуу сүйлөшүүдө.

Улуу Британия. Карантинде жаткан чоң ата-апа неберелери менен жолугушууда.

8 чакырым жол жүрүп келген карылар кызы жана небереси менен айнек аркылуу сүйлөшүүгө мажбур.

Бишкек. Медайым апасына Руслан аттуу бала телефондон тарткан сүрөтүн көрсөтүүдө.

Руслан апасын 2 айдан бери көрө элек.

Кыргыз өлкөсүндө дагы үй бүлөсүн, балдарын көрө элек дарыгерлер жүздөп саналат.
Дүйнө жүзүн каптаган коронавирустан жабыркагандардын саны 22-майга карата 5 миллиондон ашты. Анын арасынан 338 миң 121 адам көз жумду.
Дүйнөлүк статистикага таянсак, учурда коронавирус фронтунда иштеп, бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткандардын 70 пайызын аялдар түзөт. Арасында үй-бүлөсүн балдарын көрө электер, көрсө дагы аралыкты сактоо менен байланыш түзүүгө аргасыз болгондор миңдеп саналат. Социалдык тармактарда COVID-19га байланыштуу "аргасыз аралык" деген аталыштагы сүрөттөр топтомун чогулттук.
Кичинекей Руслан дээрлик эки айдан бери апасын көрө элек
Кытайда медайым кызы менен алыс аралыктан сүйлөштү
Коронавирустун айынан апасын кучактай албай турган кыздын видеосу тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
aslan_akjol89

24.05.2020. 03:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кундор да отот Аллахым буйруса.Жакшы кундор алдыда.
Agayu

24.05.2020. 06:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир ай көрбөй калса аралык , прям адам боору ачыгыдай боло калышат да .Мигранттар канча миң аралыкта , канча жыл аралыкта боору ачыгыдай болуп жүргөнгө кимдин боору ачыйт.?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.