super.kg logo

Нурболот Үсөнбаев: "Аралыкты сактабагандан улам вирус жуктурган адамдар менен байланышта болгондор көп болууда"

 

Коронавирус жуктуруп алган адам менен байланыш болгон адамдардын саны көп болуп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда кабарлады.

"Адамдар арасында аралык сакталбай жатат. Бир эле адам бир канча адамга вирус жуктурууда. Мисалы, Нарында атайын кызматта иштеген кызматкер Ак-Талаа районуна барып, бир канча адамга вирус жуктурган. Алардын арасында мектеп окуучулары дагы бар.

Байланышта болгондордун эң көбү Бишкек шаары болуп жатат. Анда 52 адам менен байланышта болгондордун саны 727 адамга жеткен. Ошонун ичинен 307си медициналык көзөмөлдөн чыкса, 124ү дагы деле көзөмөлдө болууда.

Чүй облусунда 108 адамдан вирус чыгып, алар менен байланышта болгондордун саны 808ге жетти.

Ош шаары боюнча 10 адам сырттан келген. Алар менен 1 миң 153 адам байланышта болуп, алардан анализдери алынып, учурда 840 адам медициналык көзөмөлдө.

Ош обусу боюнча 120 адам сырттан келсе алар менен 1 миң 244 адам байланышта болгон.

Нарын облусу боюнча 3 эле адам сырттан келсе, 242 адамдан вирус аныкталды. Ал эми 1 миң 565 адам байланышта болуп, учурда 746 адам көзөмөлдө.

Бул сандар биз көбүрөөк вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болуп жатабыз дегенди түшүндүрөт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: