Коронавирус күн сайын күчөп жатканына карабастан, Рио-де-Жанейродо карантин токтотулат
Коронавирус инфекциясы күн санап күчөп жаткандыгына карабастан, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаары карантинди токтотууга даярданып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Марсело Кривелла билдирген.
"Азыр биз тескери багытта иш-аракеттерди изилдеп жатабыз. Жакынкы күндөрү бир нерсени ачып баштайбыз деп ишенем. Шаарда санитардык чектөөлөр акырындап алынат", - деген шаар мэри.
Рио-де-Жанейро шаары Бразилиядагы коронавирус эң көп катталган үч шаардын бири. Бул өлкө Түштүк Америкадагы коронавирус инфекциясы катталган жана андан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунда турат. Ошол эле учурда эксперттер Бразилияда коронавирус июль айында турукташышы мүмкүн экенин айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.