21-майда Бишкек шаарында борбордук калкты тейлөө жайларына 9 миңден ашуун адам кайрылган
21-майда Бишкек шаарында борбордук калкты тейлөө жайларына кайрылган жарандардын саны 9 миңден ашык болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"21-майдан баштап өзгөчө абал жарыяланган жерлерде жабылган борбордук калкты тейлөө жайлары жана "Унаа" мамлекеттик ишканасы иштеп баштады.
Кечээ тейлөө борборлору ачылган биринчи күнүндө эң көп кайрылуулар Бишкек шаарында катталды. Ошого жараша кезек күткөндөр дагы көп болду. Бул учурда бизге милиция жана мэрия кызматкерлери келип жардам беришти", - деди Акын Мамбеталиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.