super.kg logo

Окуучуларды кесипке багыттоочу сабактар аралыктан өткөрүлүүдө

 

Окуучуларды кесипке багыттоочу сабактар аралыктан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Иш менен камсыздоого жана эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү" Кыргыз-Герман долбоорундагы пилоттук мектептердин мугалимдери кесипке багыттоону аралыктан уюштурууда. Алар видео сабактарды даярдашты. Бул долбоор Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылууда.

Коронавируска байланыштуу абалга карабай, пилоттук мектептерде кесипке багыттоочу иштер уланууда: 9-класстардын окуучулары болочоктогу адистигин тандоого даяр болуш үчүн кесиптик багыттар боюнча билим алып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Өлкө боюнча 8 шаардагы 24 пилоттук мектепте иштеген 17 мугалим кыргыз жана орус тилдеринде 16 видео сабак даярдады. Бул сабактар окуучуларга өзүнүн жеке жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кесибин өз алдынча тандоого жардам берет.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүүчү программалардын алкагында эмгек рыногунунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү менен буга чейин өткөн жолугушуулардан алган шык-жөндөмдөрүн бекемдешет. Жыйынтыгында эмгектин заманбап дүйнөсүн жана заманбап кесиптердин негизги компетенцияларын түшүнө алышат.

Германиянын эл аралык кызматташтык коомун ишке ашырып жаткан (GIZ) "Иш менен камсыздоого жана кесипке батыттоого көмөк көрсөтүү" Кыргыз-Герман долбоору Кыргыз өлкөсүнүн 24 пилоттук мектебинде кесипке багыт берүүчү системди түзүүгө жардам берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: