Сокулуктагы блокпостто аскер кызматкерин жеңил унаа сүзүп кетти
Чүйдүн Сокулук районундагы блокпостто аскер кызматкерин жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-май күнү саат 21:00 чамасында Кара-Сакал айылындагы блокпостто болгон.
"Subaru Legacy унаасынын айдоочусу батыштан чыгышка карай бара жаткан. Аны аталган блокпостто аскер кызматкери токтоткон. Бирок анын документтери жок болгон. Мындан улам айдоочу аскер кызматкерин сүзүп, андан ары барып бакты сүзүп токтогон. Ал эми кызматкер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулуп, өзү Сокулук РИИБине жеткирилген", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
samarbek.88

22.05.2020. 16:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул блок посттор качан алынат тажатып жибердиго мен ишке баралбай жатам ишим Чоңалай районунда алжака киргизбей жатат анда менин үй бүлөмдү ким багат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.