super.kg logo

Кыргыз-Тажик чырында октон жаракат алган аскер кызматкерлеринин экөө ооруканадан чыгарылды

 

Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан улам октон жаракат алган 3 аскер кызматкери Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жатышкан. Бүгүн, 22-май саат 13:00гө карата эки аскер кызматкери тиешелүү дарылоо курсунан кийин ооруканадан чыгарылды. Алардын абалы канааттандырарлык экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ал эми дагы бир аскер кызматкери дарылануусун улантат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтап бардык дары каражаттары менен камсыздалган", - деп кабарлады мекеменин басма сөз өкүлү.

Окуянын чоо-жайы:

8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кабар алган жакшы чек араны чечпейби уктап жата бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: