super.kg logo

Көлдө жылкылар коронавирус менен ооруп баштадыбы? Адис жооп берет (видео)

 

18-майда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургунунун эки жылкысы өлгөн. Мындан улам социалдык тармактарга жылкыларда коронавирустун белгилери бар деген маалымат тарап, интернет желелеринде талкууга алынган. Ал эле эмес мессенжерлер аркылуу "Жылкынын этин тамак-ашка колдонбой тургула. Жылкыларда бир ылаң пайда болуп, турган жеринде бышылдап эле жыгылып жатыптыр. Кымызды дагы этияттагыла, айрыкча этти карызга берем деп келсе албагыла" деген билдирүүлөр менен кошо видео тараган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Ысык-Көл облусу боюнча ветеринардык кызматтын координатору Бакыт Шарапов менен байланышып, аталган ылаң тууралуу сурады. Адистин айтымында, жылкылардын ылаңына коронавирустун эч кандай тиешеси жок.

"Эки үч-жылдан бери жылкылар ооруп келген. Таза кандуу жылкы баккан мал ээлеринин 15-майда бир жылкысы ооруйт жана алар өздөрү өз алдынча дарылоо жүргүзүшкөн. Алар жылкысы ооруп, дарылаганга болбой калган учурда ошол жерден жылкынын абалын тартып, социалдык тармакка чыгарышкан. Ал видеону көрүп облустук, райондук дарыгерлер абалды изилдеп, ал жердеги жылкылардын баарын изоляцияга алып, ошол күнү алардын канын анализге жибердик. Буга чейин да 4-5 жылкы ооруган экен. Алардын да анализин алып, лабораторияга жиберсек, алар бир суткада анализди аныктап беришти.

Анализдин корутундусунда 4 жылкыдан ринопневмония, бир жылкыдан жылкылардын сасык тумоо оорусу аныкталды. Мына ошонун негизинде Михайловка айылына чектөө киргизилди. Бул чектөө аталган айылда абал турукташканга чейин, тагыраагы, 2 айга чейин созулат. Азыр ал жер мал доктурларынын көзөмөлүндө. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылда жайгашкан көлмөнүн тегерегине жайылган жылкылар оору жуктуруп жатат деген божомолдор бар. Ал боюнча дагы териштирүү жүрүүдө. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик аталган жердин суусунан, топурагынан анализ алып, изилдөө кылышат.

Андан тышкары дагы бир үй-бүлөнүн жылкысы 18-майдан 19-майга караган түнү өлүп калган. Анда дагы өлгөн жылкынын органдарынан тиешелүүсүн алып, толук анализ алуу үчүн республикалык лабораторияга жөнөткөнбүз. Азыркы тапта ошол анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Ал эми социалдык тармакта тараган калп маалымат. Жылкылар эч кандай коронавирус менен ооруган эмес", - деп билдирди Шарапов.






Түптөгү жылкы ылаңы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
22.05.2020. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Тенирим тынчылык берсин.
22.05.2020. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бечара жаныбарлар.
22.05.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Себеби эмнеден болушу мүмкүн , ветеринардык жана фитосанитардык даарылар 90 % кытайдан келет , ал дарыларга эмне кошот ким билет , ойлонуп көргүлө кимге пайда кимге чыгым,
импорттолгон даарыларда вирус болушу да мүмкүн ишенич жок китойозка .
22.05.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Atas, Атас, туура эмес айтып жатасыз. Келген даарылардын 70% Россиядан, 20% Кытайдан дана 10% Украинадан..
22.05.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондой эле болсунчу деги, каранавирус деген балээ көкөйгө көк ташташ эле тийди го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: