super.kg logo

Эрежелер сакталган эмес. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүп жаткан Нарындан фоторепортаж

 

Өзгөчө абал алынып, башка облустарда эпидемиологиялык абал турукташа баштаганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жатат.

Бүгүн, 22-майга карата Нарын шаарында коронавирус инфекциясы 9 адамдан аныкталды.

Муну менен Нарын шаары боюнча илдетти жугузуп алгандардын саны 119га жетти. Алардын ичинен 19у айыгып чыккан.

Аймакта илдет көбөйүп жатканы менен элдин иши жоктой. Анткени тургундар беймарал өз иши менен алек. Соода кылып жаткан адамдардын ортосунда социалдык аралык сакталган эмес. Айрымдарында бет кап жок.

Шаар ичинде жүргөн таксилердин абалы "мышык ыйларлык", дезинфекцияны бери кой, көп убакыттан бери тазаланбаганы байкалат. Ар бир унаага 3төн көп эмес киши салуу керек деген эреже тууралуу шаардын такси айдоочулары укпагандай.

Коркунучтуу илдет ар бир жарандын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан учурда ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуусу шарт. Биздин ден соолук шаар бийлигине же өкмөткө эмес өзүбүзгө керек. Андыктан ар бир жаранды социалдык аралыкты сактап, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди унутпоого чакырам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
22.05.2020. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи сүрөттүн эмне кереги бар, түшүнбөдүм.
22.05.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Belek1710, Биринчи сүрөт ошол эрежени сактабай, эч кандай тазалоо иштерин жүргүзбөй кызмат көрсөтүп жаткан таксинин ичинин сүрөтү
22.05.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо эртең менен 10:04тө берген маалыматтыңар боюнча Нарында 21 экен ал эми бул жакта 9 экен кандай түшүнсө болот?
23.05.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakyz23,калгандары уже айыгып кетти
23.05.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakyz23, 21 киши Нарын облусу боюнча. Бул жакта Нарын шаарында деп турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: