super.kg logo

Азамат Сарыбаев баш байге, Нурбек Дайырбек уулу 1-орун. Ырчылар "Онлайн жылдыз" аттуу түркиялык фестивалдын жеңүүчүсү болушту

 

Кыргыз фольклор ырчылары Азамат Сарыбаев жана Нурбек Дайырбек уулу түркиялык "Онлайн жылдыз" деген аталыштагы музыкалык фестивалга катышып, байгелүү орундарды багындырышты. Сынакка Азамат мырза түрк тилинде "Эски достор" деген ырды аткарып катышса, Нурбек Дайырбек уулу "Сага" деген ырды аткарып жөнөткөн.

"19-май Түркияда жаштар жана спорт майрамы экен. Ошого байланыштуу жыл сайын музыкалык фестиваль-сынак өткөрүлүп келет экен. Быйыл шартка байланыштуу сынак онлайн форматта өтүп, катышуучулар чыгармаларды аткарып, интернет аркылуу жөнөткөнбүз. Мен "Эски достор" аттуу түрк тилиндеги ырды аткарган болчумун, ошого баш байгени беришиптир. Азырынча бизге дипломдордун электрондук версиясын жөнөтүштү. Буюрса, жакында жол ачылса, сыйлыгыбызды колго алабыз", - дейт Азамат Сарыбаев.

Ал эми Нурбек Дайырбек уулу: "Эл аралык сынактарды уюштуруп жүргөн Мира Токтогонова деген эжебиз бар, ошонун сунушу менен сынакка катышкам. "Сага" аттуу ырдын бир куплетин аткарып жөнөткөн болчумун. Кечээ 1-орунду алдың деп сүйүнчүлөштү. Кубандым аябай", - дейт.






Нурбек Дайырбек уулу "Сага"

Азамат Сарыбаев, "Эски достор"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
23.05.2020. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар ,сыйлыгынар кут болсун!
24.05.2020. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жанылык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: