Бишкекте айдоочулардын документтерин каттоо үчүн өзүнчө тейлөө борбору ачылат
Бишкекте айдоочулардын документтерин каттоо үчүн өзүнчө тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.
"Кечээ, 21-майда "Унаа" мамлекеттик ишканасына кайрылгандар дагы көп катталды. Көпчүлүгү унаанын ишеним каттары боюнча келишкен. Жалпысынан 1 652 айдоочунун документтери даярдалды.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, бизге кызматтарды санариптештирүү боюнча дагы сунуштар айтылып келген. Анын негизинде "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте чоң долбоор даярдалып жатат. Жакында калкты тейлөө жайларынын кызматтары мобилдүү тиркеме аркылуу ишке ашып баштайт. Ошондой эле айдоочулардын документтерин каттоо боюнча тейлөө кызматын көрсөткөн жай ачылат. Бишкекте мындай жайлардан экөөнү, өлкө боюнча бешөөнү ачуу каралууда", - деди ал.



1 |