Бишкек-Екатеринбург каттамындагы учактагы кыргызстандыктарды жаш баланын дене табынын көтөрүлүшүнөн улам чыгарбай коюшкан
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстандан саат 11:00дө учуп кеткен учактагы кыргызстандык жүргүнчүлөрдү Екатеринбург шаарынан түшүрбөй коюшкан. Анын себеби учактагы бир жаш баланын дене табы көтөрүлгөндүгүндө экендигин ТИМден билдиришти. Маалым болгондой, санэпидемстанциянын кызматкерлери келип, баланы текшерген соң бардык жүргүнчүлөргө учактан чыгууга уруксат берилген. Бул текшерүү Кыргызстанда кара тумоонун чыккандыгына байланыштуу эмес экендиги, бул иш эл аралык нормага ылайык жүргүзүлгөнү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
2

