Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду
Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун атына Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн. Конституциянын мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:
- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Анаркүл Берюева;
- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов.
Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

