super.kg logo

Вице-премьер: "Бюджет толтуруу үчүн донор өнөктөштөрүбүздөн каражат тартуу аракетин көрүп жатабыз"

 

Бүгүн, 22-майда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйын берди. Анда Асрандиев бюджетке кирген өзгөрүүлөр тууралуу айтып, бюджеттеги толуктоолорго дагы токтолду.

"Бир нече күн мурун бюджет тууралуу маалымат бердим эле. Ал жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары менен дагы сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошол эле учурда эсептөө палатасынын дагы корутундусун алдык. Парламент кечээ, 21-майда 2-3-окууда бюджетке болгон өзгөрүүлөрдү карап берди. Эң негизгиси киреше жагы баштагы долбоорго салыштырмалуу 2 миллиард 200 миллион сомго көбөйтүп жатабыз.

Ошол эле учурда кээ бир чыгашалар кайра ордуна келтирилди. Анын арасында жергиликтүү органдарга 1 миллиард сом кайра ордуна келтирилген. Бул аймактардын маселесин чечүүгө багытталган. Мындан тышкары Бишкек мэриясына 744 миллион сом киргизилди. Бул шаардагы мугалимдердин айлык маянасына багытталат. Андан сырткары спортко 74 миллион сом кошуп жатабыз. Бул Кыргыз өлкөсүнүн атын чет мамлекетке таанытууга, олимпиада оюндарына катышкандарга байланыштуу чыгашалар. Бир топ кыскартууларга карабастан, биздин бюджеттин тартыштыгы чоң көлөмгө кыскарып отурат. Ошол жетишпестиктин ордун толуктоо максатында биз сырттан эл аралык донор өнөктөштөрүбүздөн каражат тартуу аракетин көрүп жатабыз. Аны менен бирге бир эле сырткы жардамга таянбай, ички булактардан каражат табуу иштери да жүрүүдө", - деди Асрандиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
22.05.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилемчилик кылганды качан коет экенсинер
22.05.2020. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилемчилик кылбай Кыргызстандын менмин деген депутат министрлерин сыгып алсаңар карыздан да кутулабыз бюджет дагы толот. Бизде эл үчүн иштейм деп эмес бизнесин коргош үчүн байып кетип жана туугандарын жумушка тартыш үчүн жумушка орношот. Көпчүлүк чондор бийликтин арты менен байыгандар болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: