Чүйдүн жана Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 5-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Дэн Сяопин, Месарош, Сельповский, Товарный, Жаш Гвардия, Биринчи Май, Шиш-Дөбө, Жамгырчинов, Табышалиев, Манас, Токтогул, Тынчтык, Циолковский көчөлөрүндө, Ак-Босого конушунда электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Чүй облусундагы Жайыл районуна караштуу Полтавка, Кызыл-Дыйкан айылдарында, Аламүдүн районундагы Малиновка, Кашка-Суу, Арашан, Таш-Мойнок, Рассвет айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

