super.kg logo

УКМК Аскарбек Шадиевдин аялын кылмыштуу кирешени легализациялоого айыптоодо

 

Асел Шадиева башка тараптар менен бир ымалага келип, кылмыштуу кирешени легалдаштырганга шектелип, бул боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан таратышты.

Ага ылайык, бул кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Шадиев 2010-2017-жылдары кылмыштуу киреше булагын жашыруу максатында мүлкүн аялы Асел Шадиевага өткөргөн.

"Мындан тышкары аларга тиешелүү болгон активдер жана кирешелер ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан бир топ жогору турат. Бул боюнча чогултулган материалдар Шадиеванын кылмыш ишине, тактап айтканда, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга катыштыгы бар экенин күбөлөндүрөт. Буга ылайык тергөө тарабынан тиешелүү юридикалык баа берилди.

Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесине ылайык, сот иштерин жүргүзүү тең укуктуулук жана тараптардын каршылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Шадиева тиешелүү тартипке ылайык, бар далилдерин жана тиешелүү түшүндүрмөлөрүн алып келиши керек. Анткени кылмыш-процессуалдык мыйзам муну талап кылат", - деп жазылат УКМКнын маалыматында.

2019-жылдын 28-апрелинде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы "Домодедово" аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткени 1-июнда аныкталган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.05.2020. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийлик Шадиевди атайылап эле качырган. Эми калп эле олумуш болуп отурушат. 1000 жылга кеспейсинби, андан эмне пайда туштон кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: