"Түз кетип бара жатабыз. Кыймылдаткыч иштебей калды". Пакистанда кулаган учактын кара кутусу табылды
Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде кулаган "Пакистан эл аралык авиалиниялары" компаниясына таандык "Airbus 320" учагынын кара кутусу издөө тобу тарабынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, диспетчер учактын учкучуна сол жакка кетип бара жатканын айткан. Анда учкуч: "Биз түз баратабыз, кыймылдаткыч иштебей калды" деп жооп берген. Кийинчерээк аэропорттон ага конуу тилкесинин номуру айтылган. "Кабыл алынды" деп жооп берген учкуч. Андан кийин учкуч жардам сигналын баскан.
Ошондой эле учак кырсыгынан кеминде 90 адам каза болгону айтылууда. Мындан тышкары 5 үй жана бир нече автоунаа кыйраган.
Буга чейин Пакистанда жүргүнчү ташыган "Airbus 320" учагы кулагандыгы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
meku89

23.05.2020. 00:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип биринин үстүнө бири минип турган абалда экен. Бул түрү менен оору жөн эле жугуп атпайбы. Машинадан түшүрбөй эле текшеришсе болмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.