super.kg logo

Мухаммедкалый Абылгазиев: "Биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз, баштапкы жашообузга кайтуудабыз"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-майда өкмөттүн жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Анда ал акыркы окуяларды эске алуу менен өкмөттүн иш планына бир топ өзгөрүүлөр киргенин айткан. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министрдин айтымында, өкмөт жыл башында 157 иш-чарадан турган 100 милдетти аткарууну пландаган.

"COVID-19 пандемиясы биздин пландарга өзгөртүү киргизип, алдыга коюлган максаттарга жетүү мөөнөтүн жылдырды. Өзгөчө бул Экономика жана Тышкы иштер министрлигине тийиштүү. Кыйынчылыктарга карабастан, биз жалпы иш-чаранын 23 пайызын аткара алдык. Учурда басымдуу күч аракет коронавируска каршы күрөшкө жумшалып жаткандыгын эске алуу менен экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү боюнча милдеттер каралган өкмөттүн иш планын актуалдуу кылуу зарыл", - дейт ал.

Өкмөт башчы парламенттин чечимин талап кылган бардык маселелер боюнча тийиштүү документтер даярдалып, депутаттарга сунушталышы керектигин да белгиледи.

"Бир айдан соң парламент каникулга кетет. Буга катар бизде жайы бою чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер бар. Мисалга, кенди чыгаруу, аткезчилик менен күрөшүү үчүн акциздик салыкты киргизүү, амнистия берүү шарттарын кайрадан кароо, салык жана социалдык төлөм нормалары, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселеси, туристтик тармак түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, "Манас" аэропортунун ишмердүүлүгү боюнча маселелер бар. Бүгүнкү күндөгү маанилүү милдеттин бири – жумушсуздук маселесин чечүү. Убактылуу жумушсуз жарандарды коомдук иштерге тартуу маселесин иликтөө сунушталууда. COVID-19 менен күрөшүүдө чакан жана орто бизнес абдан жабыркады. Бюджеттин басымдуу бөлүгү ишкерликтен түшөрүн эске алуу менен биз аны колдоого каражаттарды издеп жатабыз. Бул өтө төмөн пайыз менен ар кыл ресурстардан 40 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат. Мындан тышкары биз мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында пландалган 44 долбоорду аяктоого, 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууга тийишпиз. Эң башкысы - фискалдаштыруу системин киргизүү. Ушунун баары бизнести көмүскөдөн чыгарууга, аткезчиликти азайтууга жана бюджетти толтурууга шарт түзөт", - деген Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнө тапшырмаларды берди.

"Биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бардык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүк баскычтуу түрдө жанданып жатат. Биз баштагы жашообузга кайтуудабыз. Бул үчүн өкмөттөн эле эмес, ар бирибизден күч аракеттерди жумшоо талап кылынат. Баарыбыз биргеликте, ниети жамандардын максатына алдырбай, бардык кыйынчылыктарды жеңип, жашообузду жакшыртабыз", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.05.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энең дурайын каяктагы сөздөрдү айтып жатат , Жыштык тагы сөздөргө ишенүү өтө кыйын .
23.05.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар куну чыгып жаткан коронавирус карапайым элден чыгып жатабы же карантиндеги жарандарданбы?
23.05.2020. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Супер кж коңшу мамлекеттер менен чегараны качан ачылат экен изилдеп коргулочу
23.05.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
өкмөт алдын алып жакшы аракеттерди кылды буйруса оор күндөр артта калганы чын болсун эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: