super.kg logo

Чечнянын спикери Рамзан Кадыровдун ооругандыгы тууралуу маалыматты четке какты

 

Чечнянын парламентинин спикери Магомед Даудов президент Рамзан Кадыровдун ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Спикер, коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси Магомед Даудов Инстаграм баракчасында түз эфирге чыкан. Ал: "Ар кандай ушактар айтылып жатат. Мен биздин президент Рамзан Кадыров оорубагандыгын маалымдайм жана ал тууралуу айтылып жаткан кептер - баары жалгандыгын билдирем. Эл бул кептерге ишенип, кабатыр болуп жаткандыгын билем. Сиздерди тынчтандырып кетейин, президентте баары жакшы", - деген.

21-май күнү орус басылмалары өздүк булактарына таянып, Рамзан Кадыровдун абалы начарлап, Москвага алып келингени жана ал коронавируска шектелип жаткандыгы тууралуу жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: