super.kg logo

"Байлык талап кылышкан". Клиптеринде акча, кымбат унааларды көрсөткөн португалиялык музыкантты өлтүрүп кетишти

 

Португалиялык хип-хоп ырчысы Давид Мот 2 айдан бери дайынсыз болуп жаткан. 22-майда ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, жансыз денеси табылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Мот өзүнүн чыгармачылыгын баалагандар арасында Mota Jr. деген каймана ат менен белгилүү. Полиция аны өлгөнгө чейин түрдүү жолдор менен кыйнашканын аныктаган.

28 жаштагы рэпер социалдык тармактарга жүктөгөн видеолоруна, клиптерине өзүн чиренген байдын образында көрсөтүп келген. Көбүнчө кымбат баалуу жайларда кыздар менен көңүл ачуусун, акыркы үлгүдөгү унааларды, түрмөктөлгөн акчаларды жана кооз буюмдарды видеодо көрсөткөн Мот чыгармачылыктан тышкаркы жашоосунда жөнөкөй турмушта эле жашаган.

"Бирок аны карактагандар аны клиптегидей бай деп ойлошуп, 2 ай мурун барымтага алышкан. Анда байлыктарын, акчаларын кайда катканын айтуусун талап кылып, көпкө кыйнашкан. Анын кесепетинен ырчы жан берген. Жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 50 чакырым алыстыктагы токойдон табылган. Кыйнап өлтүрүлгөндүктөн жана жансыз дене көпкө жатып калгандыктан аны таануу оңой болгон эмес. Учурда полиция мыкаачылык менен рэперди өлтүргөн кылмышкерлерди издөөдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаль...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: