super.kg logo

Тажикстанда тополоң. 60 чакты нааразы болгон кытай жумушчулары имаратты, унааларды талкалашты

 

Тажикстандын түндүгүндөгү Зарнисор шаарчасында Тажик-Кытай тоо-кен өндүрүш компаниясынын жумушчулары тополоң чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

21-май күнү түштөн кийин таш, таяк менен куралданган 60 чакты кытай улутундагы жумушчулар компаниянын башкы кеңсесине кол салышкан. Версиялардын биринде, Кытай жарандарынын айлыгы өз убагында берилбегенине байланыштуу чыр чыккан. Ал эми экинчи версияда коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан, бир нече айдан бери мекенине бара албай калган жумушчулар аларды Кытайга кайтарууну талап кылышкан.

Компания өкүлдөрү жана жергиликтүү башкарма сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылганы менен андан майнап чыккан эмес.

Нааразы болгон жумушчулар имараттын терезелерин сындырып, бир нече унааны талкалап салышкан. Акыры чуу болгон жерге ОМОНдор тартылып, күчкө салып тополоңчуларды жөнгө салышкан.

"Тополоң салгандарды токтотуу үчүн милиция кызматкерлери абага ок чыгарышты. Окуядан жарадар болгондор, каза тапкандар жок", - деп билдирген Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери. Учурда Зарнисор шаарчасында абал туруктуу экендиги айтылат.

Белгилей кетсек, Тажик-Кытай тоо-кен өндүрүш компаниясы цинк, коргошун, жез өндүрүп келет.






Тажикстанда кытайлар тополоң чыгарышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
23.05.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айлыгы оз убагында берилбеди деген версия туура. Таджиктер буларды да кидать этебиз деп ойлосо керек да. Кытай карызын кечбейт эч убакта
23.05.2020. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,менимче ал жерде кытайлар айлык берет тажиктер биздин Кумтөрдө иштеген кыргыздарга окшоп эле айлык алат.
23.05.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond,аларда биздегидей эмес акциянын коп болугу тажиктер ээлик кылып оздору башкарат
23.05.2020. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайсыл арына күлүп карап отурат дейм да , өздөрү ошол жэрде иштей албай отурушса .Эх мындай көрүнүштөр биздин чоңдорго жэтпейт да , баягы эле карапайым калк эле билип карап турат.А жэпжутарларга барыбир, акча болсо болду
23.05.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тажиктердин сазайын кытайлар берсин
23.05.2020. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошону кормок тажиктер бул башталышы эле кытайлар оз жеринерде сазайынарды берсин
23.05.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Таджик мн Озбектер булар отто куу адамдар! Эсинерде болсун!!!
23.05.2020. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
natasha00,эн туура созуно кошулам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: