Акыркы учурда коронавирустун басымдуу бөлүгү чет өлкөдөн келгендерден аныкталууда
Бүгүн, 23-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн брифинг берүүдө.
"Учурда миңдеген мекендештер чет жакта болуп жатат. Талаада жүргөндөрдүн абалын түшүнүп, өлкөдө абал курч болушу мүмкүндүгүнө карабай, мекенибизге алып келип жатабыз.
Азыр Соль-Илецктен келгендерден 105 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Ошондой эле Санкт-Петербургдан келген 27 курсанттан вирус тастыкталды. Алыскы жолдон келген айдоочулардан, "Жүк 200дү" коштоп келгендерден вирус аныкталып жатат. Биз аларды тыкыр көзөмөлгө алып, дарылап жатабыз", - дейт Үсөнбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.