super.kg logo

"Жеңилдетилген чечим чыгарып берем деген". Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 150 миң сом пара менен кармалды

 

22-май күнү 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылы туулган К.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Такталган маалымат боюнча, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң доллар талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.05.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да ооруп үй камагына чыгат бир жумадан кийин. Карга карганын көзүн чукубайт
23.05.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа байкуш ата энесин кыйнабайынчы дегенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: