super.kg logo

"Ошол үчүн бизде оору жок". Талас облустук администрациясы төрт сааттап кезек күткөндөргө жооп берди

 

SUPER.KG порталы Талас облусуна кире бериштеги блокпостто жарандар жөн гана тепловизор менен дене табын өлчөтүү үчүн 4 сааттан кезек күтүп жатышканын жазган. Анда жүз чакты киши кезекке топтолуп, кезек күткөндөр нааразычылыгын айтышкан болчу. Тургундар тескерисинче, блокпостто эл көп топтолуп жатканын, бир нече саат кезек күткөндөн кийин андагы кызматкерлер болгону тепловизор менен дене тапты өлчөп койгонун айтышкан. Арасында эмчектеги балалуу келиндер, кары-картаңдар, операциядан кийинки абалдагылар да бар экени белгиленген.

Бул боюнча тургундардын нааразычылык пикирине жооп алуу максатында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына кайрылдык. Өкүлчүлүктөн блокпостто жүргүзүлүп жаткан систем туура экендигин, аны өзгөртпөй турушканын айтты.

"Ооба, кезек күткөндөр боюнча маалымат туура эле. Анан эмне кылмак эле, кезек күтүп калышты деп өткөрүп жиберелиби? Ар бири текшерүүдөн өтөт, ошол үчүн бизде оору жок. Биз атайын түзүлгөн алгоритмге таянып иштейбиз, кимдир-бирөөгө оор болуп кетти деп ал алгоритмди өзгөртүп, облуска оору алып кире албайбыз.

Ал эми экспресс-тесттер баарынан алынбайт, адегенде адамды тепловизор менен дене табын өлчөп, кайсы бир шек жаралса тест, ПЦР анализ алынат. Бардык эле жерде алгоритм өзгөрүлгөндөн кийин өтүп жаткан ар бир адамдан тест алынбай калган, азыр негизинен чек арадан кирип-чыккандардан алынууда. Талды-Булакта андай эмес", - деди маалымат катчы.

"Тепловизор менен жүргүнчүнүн дене табын унаадан түшүрбөй, кезек күткөндөрдүн санын түзбөй эле өлчөсө болобу?", - деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.

"Эми ар бир облустун өзүнүн эреже-ыкмалары бар. Башка облустар ошентип текшерип жатышкандыр. Биз өзүбүздүн алгоритмди туура деп эсептейбиз", - деп кошумчалады өкүлчүлүктүн маалымат катчысы.






Таласка кирем деп төрт саат кезек күткөн тургун

Таластагы блокпостто 3 баласы менен 4 саат кезек күткөн келин

"Биз тынган жокпуз". Таласка кирген блокпосттогу нааразычылык боюнча дарыгердин комментарийи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.05.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондор алгоритм деген созду жаттап алышты. Эки мин сом берсе жон эле откоруп атат дешет ко. Ошону тактап билген бироо барбы??
23.05.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Таласта грипп болуп оругандар бардыр.Кандай эле онуккон олколордо , уйдон чыкпай олтурсак да грипптей ооруп атабыз??? Эл дагы ишене берет экен да.Бул оору бар , мен жок дебеймин гриптен кучтуроок экен , Талас таза деген создоруно ишенбейм , ооруга эмес
23.05.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Талас Кыргыз Республикасынын субъектиси. Эч кандай оз алдынча закон чыгарып,алгоритм тузуп ээн баштык кылганганга область админстрациясынын акысы жок.
23.05.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Темирдей бекем тартип керек,туура кылат
23.05.2020. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эгерде ошолордун ичинен бир оорулуу болсо канча кишиге жугат.Элдин баарын бир жерге уйуп алышат очеред кылып
23.05.2020. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таласта "акя-укя өткөрүп койун" дегендер жокта.
23.05.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таластыктарда өпкө жок деген тамаша чын окшойт ыя...
23.05.2020. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Таласта оору эч качан катталбайт себеби Таластыктардан бийлик коркот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: