Президент Карачи шаарында учактын кыйрашына байланыштуу Пакистандын президенти Ариф Алвиге көңүл айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алвиге Карачи шаарындагы аэропортунун жанында учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Карачи шаарындагы аэропорттун жанында Airbus A320 учагынын күтүүсүз кыйрагандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана бүткүл Пакистан элине бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

