super.kg logo

Санкт-Петербургда каза болгондор менен коштошууга 10 мүнөт берилет

 

Санкт-Петербург шаарында каза болгондор менен коштошуу үчүн 10 мүнөт убакыт берилет. Бул маалымат шаардын администрациясынын сайтына жарыяланган.

Ал эми коронавирус жуктургандар менен коштошуу аземин өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай чечимди шаар мэри Александр Беглов шаардагы башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Наталия Башкетова менен сүйлөшүүдөн кийин кабыл алган. Коштошуу зыйнатына катышкандар социалдык аралыкты сактап, жеке коргонуучу каражаттарды (бет кап, кол кап) сөзсүз кийип, сөөккө жакын барбашы керек.

Белгилей кетсек, 8-майдан тартып Санкт-Петербургда кандай себеп менен болбосун каза болгондордун баары менен коштошуу аземин уюштурууга тыюу салынган. Мындай чечим эл арасында түшүнбөстүктөрдү жараткан эле.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Санкт-Петербург шаарында 12 миң 592 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп, 107 бейтап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: