super.kg logo

Ак-кыялыктар менен жергиликтүү бийлик ортосунда чыр чыкты. "Коронавирус аныкталган адамдар дарыланууга каршылык көрсөтүшкөн" дейт өкүлчүлүк (фото, видео)

 

Интернет желесине "Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын жашоочулары менен жергиликтүү бийлик ортосунда түшүнбөстүк жаралды" деген видео тарады. Видеодон топтолгон элдердин нааразычылык сөздөрүн угууга болот. Арасында "блокпостторду алгыла, керек эмес" дегендер бар. Мындан тышкары коргоочу каражаттарды кийип жүргөн адамга көпчүлүк жабылып, анын аракеттерине каршылык көрсөткөнү тартылган. "Тез жардам" кызматынын унааларын да көрүүгө болот.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн SUPER.KG порталы өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматына кайрылды. Өкүлчүлүктөн видео 22-майда тартылганын, бүгүнкү күнгө карата абал жөнгө салынганын кабарлашты.

"Нарын облусунун Ак-Талаа районунан коронавирус инфекциясын 18 адам жуктуруп алган. Ак-Кыя айылынан 14, Баетов айылынан 2, Үгүт айылынан 2 адам. Райондогу оорунун очогу Нарын облустук төрөт бөлүмүндө илдетти жуктуруп алган 2 аял менен байланышта болгон адамдардан чыгууда.

Учурда вирус табылган адамдардын бардыгы райондук ооруканада изоляцияга алынды. Алар менен байланышта болгондор обсервацияда.

22-майда Ак-Кыя айылындагы вирус табылган 8 адам ооруканага жатып дарыланууга каршылыгын билдиришкен. Видео ошол учурда тартылган. Калган жашоочулар аларды колдоп чыгышкан. Жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардыгы ооруканага жаткырылды.

Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдары курчалып, посттор коюлду. Мобилдик топтор ооругандар менен контакт болгондорду аныктап, анализдер алынууда. Баетов, Үгүт айылдары да курчоого алынган. Райондо абал туруктуу. Ооругандардын абалы канааттандырарлык", - деп билдирди маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева.






Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жергиликтүү бийлик менен элдин ортосунда түшүнбөстүктөр жаралды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.05.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо менин айылымда. Сабр кылгыла чыдасанар отуп кетет баардыгы убактылуу. Каршылык коргозуп эчтеке таба албайсынар.
Бул вирус дагы чон дуйнолук саясат !
Коронавирус - 21-кылымдын афёрасы
23.05.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айылыңда олимпиада өтүп аткандай эле сүйүнүптүрсүң го... Менин айылымда деп кетет.
23.05.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kattaldym,
Озу башка мамлекетте болуп,айылынын атын угуп суйунуп жатат "Оо менин айымго" деп.
Сабыр кылгыла деп жазып жатат го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: