super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Б.Алыкулов атындагы драма театр "Күтүү" аттуу спектакль даярдоодо

 
Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы драма театр учурда жаңы спектакль даярдоо менен алек. Режиссёр Алымкул Исаковдун айтымында, спектакль "Күтүү" деп аталып, балдар  үйүндө тарбияланган 4 кыздын ата-энесин күтүп жашаган оор күндөрүн чагылдырат. "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Оштон келип, ушул спектаклди даярдап жатам. Буюрса, сентябрдын аягында көрүүчүлөргө тартууланат",- дейт Исаков. Айта кетсек, Исаков Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын режиссёру. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: