super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине "укуктарыбыз бузулду" деп 43 кыргыз жараны кайрылды

 

26-ноябрда КРнын Орусиядагы элчилигине 43 жаран кол койгон арыз келип түштү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматкери Айымкан Кулукеева кабарлады. Арызда төмөнкүдөй окуя сүрөттөлөт. Кыргыз жараны Азизбек Касымбеков аларга чоң айлык акы убада кылып, “Островной” балык комбинатына иштөө үчүн Сахалин облусунун Шикотан аралына алып барган. Бирок иш жүзүндө берилген убада аткарылбай, иштегени барган жарандар 20 күн иштеген соң иштөөдөн баш тартышып, 20 күндүк айлык акысын төлөп берүүнү талап кылышат. 43 жаранды Кыргызстандан Шикотан аралына жол киресин төлөп алып барган Азизбек Касымбеков андай талапка макул болбойт. Ошентип, аталган тараптар КРнын элчилигине алардын чырын чечип берүүсүн суранып кайрылышкан. Учурда элчиликтин кызматкерлери чырдын катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылышууда. Сүйлөшүүлөрдө “Островной” компаниясында орточо эмгек акы 25 миң рубль экени аныкталды. Компания 43 жаранды мындан ары да иш менен камсыз кылууну же Кыргызстанга кезек-кезеги менен жеткирүүгө даяр экенин билдирген. Бирок жарандар ишти улантууга каршы болушуп, компенсация иретинде 3 айлык эмгек акысынын өлчөмүндө каражат төлөп берүү жана мекенине кетүүгө шарт түзүп берүү талабын коюшту. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда. Кошумчалай кетсек, А.Касымалиевге Бишкекте укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү уруксат берүүчү документи болбосо, адамдарды Орусияга алпарып иштетүүгө болбостугу тууралуу эскертүү берилген. Бирок аталган жаран кыргызстандыктарды Орусияга ташып, учурдагы кырдаал жаралып отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: