"Психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү". Москвада банк кызматкерлерин барымтага алган адам колго түштү
Москвада атайын чабуул кызматы банк кызматкерлерин барымтага алган адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кармалган адам адекваттуу эмес абалда болгондуктан, психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөнү айтылат. Анын жанында жардыруучу каражаттын муляжы болгон. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.
Буга чейин Москванын борбордук бөлүгүндө жайгашкан банктардын бирине келген белгисиз адам банктын 4 кызматкерин жана 1 кардарды барымтага алганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.