super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Өзбек өкмөт башчылары сүйлөшүп, цемент ташуу маселеси чечилди

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде республикалардагы коронавирус инфекциясы боюнча жагдай, анын жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер бар.

Мындан тышкары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин цементти импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тараптын өтүнүчүн эске алуу менен 22-майда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 23-майдан тарта Өзбекстанга цемент ташууну жандантуу жөнүндө Өзбекстандын өкмөтү токтомуна кол койду.

Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча ыкчам маалымат алмашуу тууралуу макулдашышты. Учурда коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды ташуу штаттык режимде тоскоолдуксуз жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: