Бир суткада Бишкектин "Тез жардам" кызматына 535 кайрылуу түштү
Өткөн суткада Бишкектин "Тез жардам" станциясына 535 кайрылуу түштү. Анын 400үнө дарыгерлер тобу барышып, 135 адам ооруканага жеткирилди. 24 сааттын ичинде шаарда 6 жол кырсыгы болуп 3 адам жаракат алды, каза болгондор жок. Шопоков-Иваницин көчөлөрүнүн кесилишиндеги автокырсыктан 20 жаштагы бир кыз жана 73 жаштагы пенсионер жаракат алганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

