super.kg logo

"Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт" дейт биринчи вице-премьер

 

Бет кап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында шаарлардын мэрлерине жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайрылып жатып биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.

"25-майдан баштап коомдук унаалар иштеп баштайт. Мындай чечим жарандар ишине жетиши үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Бирок ар бир тарап – жергиликтүү бийлик органдары, транспорттук компаниялар, карапайым жарандар инфекцияны жугузуу тобокелдиги канчалык деңгээлде өскөнүн түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Бет кап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана туруктуу байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт", - деди Кубатбек Боронов.

Ыкчам штабдын жыйынына медицина чөйрөсүндөгү окумуштуулар коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча илимий-консультативдик эксперттик кеңеши чакырылган. Алар учурдагы эпидемиологиялык абал жана жакынкы бир нече айга мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу көз караштарын айтып беришти.

Медицина мекемелерин күзүндө инфекцияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүүсүнө даярдоонун, медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуунун, мобилдик лабораторияларды өнүктүрүүнүн, жеке коргонуу кийимдерин жана тест-системдери ата мекендик өндүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Калкты бул мезгилге даярдоонун, анын ичинде социалдык дистанция жана санитардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне региондогу айдоочулар байып ,чирийин деп калган го ээ? Май чайнап жатышат деп кой! Мына кок мээлер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: