super.kg logo

"Токтайым Үмөталиева мигранттарды дүрбөтүп жатат" дейт активист. Үмөталиева буга жооп берди

 

Москва-Бишкек каттамы боюнча уча турган жумушчу топтун координатору жана жарандык активист Тимур Саралаев коомдук ишмер Токтайым Үмөталиевага нааразы. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазуу менен SUPER.KG порталына айрым маалыматтарды айтып берди. Айтымында, Үмөталиева себепсиз элди дүрбөтүп, алардын иреттүү иш кылуусуна тоскоолдук жаратып жатат.

"Аргасыз кайрылып жатам, мага ар кандай маалыматтар вотсап аркылуу мигранттардан келип жатат. Алар мага ушул айтылгандар чынбы деп сурап, суроо салышууда. Аудиону толугу менен угуп чыктым, азыркы тапта аэропортто жүрөм. Бул жакта да сизди угуп келгендер жүрөт. Эже, иниңиз катары суранам, элди дүрбөтпөңүз. Сизди кайра Москванын бир бөлүгү угуп алып, ушул сөздөр чын экен деп аэропортко барып алып, жок жерден жаңжалга чалынып калышат. Сиз өзүңүз эмне дегениңизди түшүнбөй, бул жакта реалдуу кырдаалды сезбей, сыздап-боздогон эже-карындаштарды укпай, маалыматты тактабай туруп, тынч жаткан элди козутуп жатасыз. Жөн жерден кайра эле элге жаман аттуу болосуз.

Анан кайра фейктер менен чабуул кылып жатат деп бизди күнөөлөйсүз. Чынын айтканда сиз менен алек болгонго убакыт да, каалоо да жок. Дагы бир жолу суранам эже, эч нерсеге кийлигишпеңизчи, элчилик берген тизме толугу менен биздин көзөмөлүбүздө. Ал тизмеден тышкары бирөө да башка эшик менен учакка кире албайт, буга мен сизге кепилдик берем. Чынында сиздин маалыматтарыңыз биздин жумушту тартип менен жүргүзүүгө катуу тоскоолдук кылып жатат. Провокациялык маанайдагы билдирүүлөр менен алек болуу туура эмес", - дейт Саралаев.

Бул боюнча Үмөталиева төмөнкүдөй комментарий берди. Айтымында, аны Саралаев айыпсыз каралап жатат.

"Саралаевдин пикирине комментарий дагы бергим келген эмес. Анткени уяты бар адам ал нерсени жазбайт, уяты жок адамга айла жок. Ал ар бир сөздөрүнүн далилин берсин. Ал айткандай эмес, 8 жашар бала көчөдө калып калган. Ага басып барышкан жок, анын апасы пневмония менен оор абалда ооруканага түшкөн. Мына андан кийин гана алар мага чалган. "Эже 8 жашар балам жалгыз калды, жардам берип коюңуз" деп кайрылган. Андан кийин Тимур ал жакка элчинин жардамчысы, кеңешчиси бара жатат деди. Бирок ага эч ким барган жок. Анда да өзүбүздүн тааныштар барып жардам берип, маселени чечти. Ал айтып жатат, тиги тигинтип айтты, муну мынтип айтты чагымчыл деп. Эгер андай болсо, ар бир баланын атын айтсын, менин ар бир сөзүм кол телефонумда жазылуу. Мен эмес, алар жалган маалымат таратып, менин үнүмдү кесип колдонуп жатышат", - дейт Үмөталиева.

Белгилей кетсек, 26-майда Москва-Бишкек каттамы менен Орусиядагы мекендештерибиз мекенине кайтып келиши күтүлүүдө. Бул маалыматты Москва-Бишкек каттамы боюнча уча турган жумушчу топтун координатору Тимур Саралаев да тастыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
25.05.2020. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Токтайым эже,Кыргызстанда туруп аралашканы туура эмес да.Москвада жаш баласы менен кете албай жургондор толтура.Токтайым эже эгер жардам бергиси келсе элчилик менен же атайын дайындалган координаторлор менен кошо иш алып барышы керек.
25.05.2020. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу катын каякка болбосун мурдун тыгып эле жүрөт
25.05.2020. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Токтайым азаматсын
25.05.2020. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Токто Айым . Бул айым токтобойт го .
25.05.2020. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ысык уйундо отуруп алып дурбото берет экен элди делать нечего бул эжеге
25.05.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул катындыкы өттү баарынан да!!!
Колуңдан эч нерсе келбегенден кийин,кыссып отурбайсыңбы үйүңдө.
Карыганын билбеген катын!!!
25.05.2020. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу аял качан болсо терс жакта журот экен адашпасам к батыровкода жактоочу болуп журду беле
25.05.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вечный оппозиция катын.Жакшы жумуш сындап коюп жата берген.
25.05.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда НПОлорго тыюу салыш керек, анткени аларды элдин тынчтыгы, биримдиги кызыктырбайт, канчалык көп жаңжал чыгып турса ошончолук көп акча алышат чет өлкөдөн, булардын негизги максаты чагымчылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: