Аргентинада карантиндин мөөнөтү узартылды
Аргентинада карантиндин мөөнөтү 7-июнга чейин узартылды. Маалыматты аталган өлкөнүн президенти билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар."Учурда Буэнос-Айрес, Чако, Кордоба аймактарында илдетти жуктургандардын саны көп болууда. Мындан улам карантиндин жана өзүн изоляциялоонун мөөнөтү 7-июнга чейин узарат", - деген президент Альберто Фернандес.
Өлкөдө борбор шаарларга кирип, чыгуудагы талаптар күчөтүлөрү дагы кошумчаланат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Аргентинада коронавирус менен ооругандардын саны 11 миң 353кө жетсе, анын 3 миң 530у айыккан. 445 бейтап каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2026-02-17
15:20
2026-02-17
13:04
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















