super.kg logo

Муфтий жарандарды Орозо айт күнү үймө-үй кыдырып кетпөөгө чакырды

 

Муфтий Максатбек Токтомушев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, бул күнү үймө-үй кыдырып кетпей, үйдө майрамдоого чакырды.

“Бул жылы COVID-19 инфекциясы дүйнөгө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө жайылып, баарыбызды бушайманга салды. Бул оорунун алдын алып, илдеттин мындан ары жайылып кетпөөсүнө жол бербөө максатында жана элибиздин саламаттыгы, коопсуздугу үчүн мечиттерибиз жабылды.

Жума намазы, Орозо айт намаздары окулбай калды. Мындай кадамга биз гана эмес дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү барышты. Бул дагы Жараткандын бизге берген сыноосу. Кайрымдуу инсандарыбыз көбөйүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кол сунуп, соопчулуктун үлгүсүн көрсөтө алышты. Мечиттерибиз жабылганына карабастан элибиз карантиндин эрежелерин, талаптарын, санитардык нормаларын так сактап, бири-бирибизди түшүнүү менен кабыл алып, үйлөрдө ибадатын кылып, сабырдуулук менен 30 күндүк орозону кармап келдиңиздер.

Кудайым буюрса, бул илдетти жеңип чыгышыбызга аз гана убакыт калды. Жамаат болуп чогуу намаз окуганга, мечиттердин ачылышына баарыбыз кызыкдарбыз, күтүп жатабыз.

Айт күнү дагы бардык эрежелерди так сактап, үймө-үй кыдырып кетпей үй-бүлөбүз менен чогуу майрамдап башка мусулман бир туугандарга үлгү болчу сапаттарыбызды көрсөтөлү”, - деп кайрылат муфтий.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: