super.kg logo

Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандар оорулуулар менен байланышта болгондор (видео, хронология)

 

Бүгүн, 24-майга карата саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берди. Анда өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу сутка ичиндеги жаңы жагдайлар айтылды.



Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-24 10:18

"Ысык-Көлдө эс алуу сезону башталгандыктан ал жактагы пансионаттарга да чаралар кадимки мүнөздө болот. Бул боюнча текшерүүлөр жана көзөмөлдөр жүрөт".

2020-05-24 10:16

"Сасык тумоого байланыштуу эмдөөлөрдү жүргүзөбүз. Коронавирустун экинчи толкуну башталган болсо, ыңгайга жараша чараларды көрөбүз. Бул боюнча чоң иштер жүрүп жатат".

2020-05-24 10:15

"Бет кап, керектүү антисептикалык, гигиеналык каражаттар жарандардын жанында болуш керек. Айрыкча имараттардын ичинде, адамдар көп жүргөн жерде адамдар бет каптарын чечпей тагынуусу зарыл", - деди Нурболот Үсөнбаев.

2020-05-24 10:09

"Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 миң 234.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 6 миң 775 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 1 901 адам жатат".

2020-05-24 10:08

"Ошол эле учурда бир сутка ичинде 2 миң 234 лабораториялык  тастыктоо жүргүзүлүп, тастыкталган жаңы 38 адам катталды. Алар Бишкек шаарынан 5, Оштон 2, Жалал-Абад облусу 1, Баткен облусунан 1, Нарын облусу 25", - деди Үсөнбаев.

2020-05-24 10:04

"Соль-Илецктен жалпы 108, Санкт-Петербургдан  келгендерден 28 оору аныкталды. Азыр да өлкөбүздө чыңалуу күч".

2020-05-24 10:03

"Статистикалык маалымат жалпы 23 адам бейтапканадан чыкты. 24-майга карата Кыргыз өлкөсүндө COVID-19 вирусун жуктурган жалпы 1 403  адам катталды. Алар:

Стационарда – 409 (алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 4);
Ооруканадан чыгарылды – 980;
Каза болгондор – 14",- деди Нурболот Үсөнбаев. 


2020-05-24 10:02

"Ал эми Соль-Илецктен келген дагы 3 жарандан жана Санкт-Петербургдан келген 1 жарандан вирус аныкталган. Ошентип,  Кыргыз өлкөсүндө тастыкталгандардын жалпы саны 1 403 адамга жетти. Алар Жалал-Абад облусунда 157, Ош облусунда 206, Ош шаарында 132, Чүйдө 109, Бишкек шаарында 356, Баткен облусунда 26, Нарында 267, Ысык-Көлдө 14"

2020-05-24 10:01

Алгач саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө ден соолук каалады.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: