SUPER.KG порталы кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктайт
Бүгүн, 24-май мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт майрамы. SUPER.KG порталынын эмгек жамааты тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сындуу адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын майрамы менен жалпы кыргыз элин куттуктайт!
Орозо айт - 30 күн тутулган ыйык орозо аяктаганда белгиленүүчү өзгөчө майрам. Орозо кармоо менен беш парздын бирин аткарган мусулмандар үчүн бул күнү түрдүү тамак-аш даярдалып, дасторкон жайылат.
Ыйык орозо айында айтылган каалоо-тилектериңиздер кабыл болуп, бөөдө кырсыктан, жалган жалаадан алыс болуңуздар. Кылган дубаларыбыз кабыл болуп, өлкөбүздө дайыма тынчтык болуп, биримдик менен ынтымак кетпесин! Жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайбыз!

