super.kg logo

"Мен адамдардын кыйкырыгын гана угуп жаттым". Пакистанда кулаган учактан аман калган жаран окуя тууралуу айтып берди

 

Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде кулаган Airbus A320 жүргүнчү ташыган учагынан аман калган 2 адамдын бири Мухаммад Зубаир окуя тууралуу жергиликтүү телеканалдарга айтып берген.

"Учак кулагандан кийин оттон башка эч нерсе көргөн жокмун. Адамдардын кыйкыргандарын гана угуп жаттым. Көзүмө жарык көрүндү. Отургучумдун коопсуздук курун чечип, ал жакты көздөй умтулдум. Ал жакка жетүү үчүн мага 3 метрдей аралыкта ылдый секиришим керек болду", - деген ал.

Анын айтымында, учкучтун биринчи конууга көргөн аракети ийгиликсиз болгондон кийин, жүргүнчүлөр сыйынып башташкан. Учак кулай тургандыгын эч ким билген эмес. Учкучтун экинчи конуу аракетинде учак кулап, Зубаир эсин жоготкон. Ал ойгонгондо бардык жерде түтүн жана ар тараптан кыйкырыктар угулган.

Зубаир азыр өзүн жакшы сезип жатат. Анын колу-буту күйүк алган. Кырсыктан аман калган экинчи адам Зафар Масуд бир нече жеринен жаракат алган.

22-майда Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган Airbus A320 учагы кулаган. Учакта 99 жүргүнчүнүн ичинен 97си каза болуп, 2 адам аман калганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.05.2020. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Пешенеси бар экен кайра жаралыптыр
24.05.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ажал келбесе аман калган ушулда
24.05.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жамандыктан алыс кылсын Тенирим
24.05.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койногу менен торолуптур дегендерден экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: