Түркияда туристтик сезон декабрь айына чейин созулушу мүмкүн
Быйыл коронавирус пандемиясынан улам Түркиядагы туристтик сезон декабрга чейин узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Туроператорлор ассоциациясынын (TURSAB) жетекчиси Фируз Баглыкая билдирген.
Анын айтымында, өлкөгө биринчилерден болуп Кытайдан, Япониядан, Түштүк Кореядан жана Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер келери күтүлүүдө. Андан кийин Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер киргизилет.
Буга чейин өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирус инфекциясы көп катталган өлкөлөрдөн келген туристтер өлкөгө киргизилбей тургандыгын айткан. Анын билдиришинче, жай айларында Түркия негизинен ички туризмге көңүл бурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.