super.kg logo

"Бул жагдай чыр-чатактардын күчөшүнө алып келүүсүн тажик тарап түшүнүшү керек". Кыргыз чек ара кызматы тажик тарапты абалды курчутпоого чакырат

 

Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдайды дестабилдештирүү аракетине жол берилбеши керек экендигин билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларына карата биринчи ок чыгарган Тажикстандын аскер кызматкерлеринин кылган иш-аракетине караганда, акыркы учурларда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде дайыма жагдайды курчутуп туруу тактикасын карманып турган тажик тарапка "жасалма дестабилдештирүү" пайдалуу болуп турат.

Алсак, 23-майдан баштап Тажикстан Республикасынын "Ворух" анклавынын тургундары Кыргыз өлкөсүнүн аймагында - Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагында ири мүйүздүү малды жаюу аракетин тынымсыз көрүп келишет. Ошентип Тажикстандын УКМК менен Чек ара аскерлери эки сутка бою Кыргыз өлкөсүнүн аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн жана "Ворух" анклавынын тиешелүү тургундарына карата эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Жыйынтыгында Кыргыз тараптын мыйзамдуу талабына Тажикстандын аскер кызматчылары Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларына карата ок чыгарышкан.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бул чыр-чатак боюнча Тажикстандын УКМК жана Чек ара кызматынын пресс-борборунун, ЖМКларда жарыяланган билдирүүсүн таңдануу менен кабыл алды. Мындай импульсивдүү билдирүүлөр Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатактардын күчөшүнө кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдүн чагымчылдык кылышына алып келээрин тажик тарап түшүнүшү керек.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик кесиптештерин бирдиктүү чек арада орун алган көйгөйлүү маселелерди жакшы санаалаш коңшулук мамилелерди сактоо, эл аралык укук жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишкен чечимдерге ылайык сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө чакырат", - деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Кечээ, 24-майда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыргыз-Тажик чек арасындагы Мойнок деген жайлоодо ок атышуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(10)
25.05.2020. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тушунушпосо айтып не кереги бар андан көрө тозо турган жерди тозуп, жаба турган жерди жаап салгыла.
25.05.2020. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Алар билетте биздин окмотто кимдер башкарып атканын
25.05.2020. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kylychisa,эң туура айтылган сөз болду.
25.05.2020. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тизелеп жашаганча тик туруп олгон жакшы А Ш Атамбаев айткандай атса аткыла, чапкыла да коркуп жата бербей. Качанкыга чейин тажиктер ХАРАКТЕРИН корсото берет
25.05.2020. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ворухун жаап салбайсынарбы, танданып отура бербей анан.
25.05.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекет алсызбыз жетекчилер чечкиндуу эмес таджиктер бизди тоготпойт
25.05.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыздар лох болуп калбадыкбы
25.05.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качанга чейин жалдырайсынар
25.05.2020. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткедик туугандарга курал жарак менен камсыздап койуш керек болуп калды. Канча жолу чектен чыгат тажик олкосу. Мал эмес, чычкан отпогудой кылып тосуп ташташ керек, болбосо. Бир минёмот менен атат, бир мынтык менен атат.
25.05.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тосуп салса эле маселе чечилмек да. Ызылдашпай эле. Биздикилерге баары бир да өзүлөрү ошол жакта жашап жатпагандан кийин. Эх бийликтегилер деги силер оңолосуңарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: