super.kg logo

Жактоочу: "Алмазбек Атамбаевдин коронавируска тест тапшыруусу зарыл эмес"

 

Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаев коронавируска каршы текшерүүдөн өтүүсү талапка ылайык эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

Жактоочунун айтымында, Алмазбек Атамбаевде оорунун белгилери жок жана ага анализ тапшыруу зарыл эмес.

"Азыркы тапта Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы өтө төмөн, кыймылдын координациясы да начар. Бирок азырынча аны текшере турган дарыгерлер чакырылган жок. Мен бул тууралуу бир нече жолу сурангам. Саламаттыкты сактоо министрлиги корутунду берсин, эгерде Алмазбек Атамбаев ооруп жатса, анда эмне үчүн текшерилүүдөн баш тартмак эле? Бирок чынында ага коронавируска каршы тест тапшыруу зарыл эмес", - деди Сергей Слесарёв.

22-май күнү Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлаган. Бул тууралуу анын уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан болчу.

Аталган окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан "Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык жана туруктуу. Ден соолугуна эч кандай арыздануусу жок. Ал күн-түн дебей дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда" деп маалымат беришкен.
Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айып тагылып, териштирүүлөр жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
25.05.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын АШАга вирус жукпасын
25.05.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда коррупционерлер жоопкерчиликтен ооруп калдым деген шылтоо менен кутулгусу келет. Андай заман откон жаш баланын шылтоосун айтпасын.
25.05.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атамбаев башына келген бак дөөлөтүн учуруп жиберди көп ичпей эле койсо болмок
25.05.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сооронбай акмактын кылган кыянаттыгы болбогондо Соке жон эле иштемек. Азык сокенин суйгон киши жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: