super.kg logo

"Робот бүтүрүүчүлөр". Филиппинде өзгөчөлөнгөн акыркы коңгуроо болуп өттү (видео)

 

Филиппиндин Манила шаарында бүтүрүүчүлөр үчүн кибер акыркы коңгуроо уюштурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта өлкөнүн илимий-техникалык окуу жайынын инженерлери атайын акыркы коңгуроо аземи үчүн 179 робот даярдаганы айтылат.

"Кийин ал роботторго мантиялар кийгизилип, башына планшет орноштурулган. Мектептин аттестат тапшыруу аземинде ар бир бүтүрүүчү ошол планшеттер аркылуу онлайн режимде өздөрүнүн "робот" колдоруна документтерин алышкан. "Ошону менен мектепти бүтүрүп жаткан ар бир бала жашоосундагы бул маанилүү учурду өткөрүп жиберишкен жок" деген идеянын жаратуучулары. Филиппинде коронавирус күч алган башка мамлекеттердей эле акыркы коңгуроону өткөрүү токтотулган", - деп жазылат маалыматта.

Акыркы статистикалар боюнча, Филиппинде 114 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган, арасынан бул илдеттен 868 адам каза болгон.






Манила, Филлипин. Бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчөлөнгөн акыркы коңгуроо уюштурулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: